www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 — Саламатсызбы Турсунбек мырза, дүйнөнүн лидерлеринин жолугушуусу аяктады. Кандай пикирде калдыңыз? 

— АКШ менен Россиянын мамилеси акыркы төрт жыл ичинде эң төмөнкү чекке жеткен эле. Байдендин тушунда Батыш Москвага каршы ачуу сөздөрдү колдонуп , Путинди дүйнөгө “гитлер”, “киши өлтүргүч” деп сыпаттап келген. Бирок тарых ар дайым күтүүсүз бурулуштарды алып келет эмеспи.
Мына эми, Америкага жаңыдан кайтып келген Дональд Трамп Кремль кожоюнун Аляскада кызыл килем төшөп, өзу башында туруп тосуп алды. Атайын протоколду бузуп, 45 мүнөт эрте келип күтүп турган Трамптын бул иши – дүйнө үчүн чоң жаңылык. Путин менен эсептешпей коюуга болбойт. Ал дүйнөлүк саясий мыкты оюнчу экенин Трамп ачык көрсөттү.

Батыштагы лидерлер бул көрүнүштү көрүп, ичтеринен кан өтүп айлаларын таппай калды. Украинадан баштап Евробиримдикке чейинки саясатчылар абдан оор абалда турат.
Жолугушуу үч саатка чукул созулду. Бул жөн гана протоколдук кездешүү эмес болчу. Путин менен Трамп дүйнөнүн саясий картасын үстөлгө жайып, Украина, Жакынкы Чыгыш, Израил–Палестина жаңжалы, Иран маселеси жана дүйнөлүк коопсуздук боюнча көпкө жана терең сүйлөшүштү. Эң негизгиси  токтоп калган Москва–Вашингтон мамилесин кайра жандандыруу ниети көрүнүктүү болду.

Путин журналисттер алдында: “Жолугушуу ишенимдүү өттү. Биз Украинаны душман көрбөйбүз, алар биздин бир туугандарыбыз. Коопсуздугун сактоо биздин да кызыкчылыгыбыз” – деп билдирди. Ал эми Трамп: “Эгер мен бийликте болгондо, бул согуш чыкмак эмес” – деген пикирин айтты. Путин аны дароо колдоп, Байден тушунда кеткен каталарды кыйытты.

Трамптын: “Россия биздин шайлоолорго кийлигишет” деген Батыштын мифтерин өзү эле төгүнгө чыгарганы дагы бир олуттуу белги болду.  Эки лидердин бири-бирине болгон жылуу мамилеси көпчүлүктү таң калтырды.

Эң маанилүү учур – кийинки жолугушуу тууралуу макулдашуу болду. Путин Трампты Москвага расмий чакырды. Бирок маалымат булактары жазгандай, чакырууну Путин демилгелеп жасаган жок, тескерисинче демилгени Трамп өзү көтөрдү. Бул – анын согушту токтотууга чындап кызыкдар экенин айгинелейт.

Жыйынтыгында, Аляскадагы бул жолугушуу – жөн эле дипломатиялык визит эмес, дүйнөлүк тарыхтагы жаңы барак. Аны “АКШ менен Россиянын ортосундагы убактылуу тынчтык келишими” деп атоого да негиз бар. Анткени дүйнө дагы бир ирет күбө болду. Глобалдык шахмат тактасындагы эң оор фигуралар булар Москва менен Вашингтон. Ал эми бул эки фигура кол кармашып сүйлөшө баштаса, бүтүндөй дүйнөнүн жүрөгүн титиретет.

— Рахмат.

Последние новости