www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жеңиш Молдокматовду тез аранын ичинде бошотуш керек, ал айрым чиновниктердей ичип, жеп мамлекетке зыян келтирген эмес», - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек мырза, Жеңиш Молдокматовдун камалышы коомчулукта түрдүү пикирди жаратты. Аны камоо мурунку бийликтен сабак албаганыбызды айгинелейт деген пикирлер да айтыла баштады. Мындай пикирлерге макулсузбу?

- Президент Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев Жеңиш Молдокматов бизди сындап, айлабызды кетирип жатат. Камакка алгыла дебесе керек. Менимче, Жеңиш Молдокматовду кошоматты катыра кылып, жогору жактагыларга жагынам дегендер эле камап салышты окшойт.

Чынында Президент Садыр Жапаров куугунтук кылган же бирөөнүн укугун тебелеген инсандардан эмес. Ал демократиялык жолго түшкөн мамлекет башчысы. Ал өзү да камалган, азап тарткан, кыйынчылыктарды көргөн инсандардын бири.

Ошондуктан, ал бирөөнү кама деп тапшырма бербейт. Ошентсе да, Жеңиш Молдокматовдун камалышы коомчулукта президенттин аброюна шек келтирген жана ага көлөкө түшүргөн сөздөрдүн айтылышына шарт түзүп жатат.

Ошон үчүн Жеңиш Молдокматовду тез аранын ичинде бошотуш керек. Ал айрым чиновниктердей ичип, жеп мамлекетке зыян келтирген эмес. Болгону 5-6 айдан бери оппозиция болуп, өз оюн, көз карашын ачык айта баштады.

- Мүмкүн бийликти ашыкча сындагыны аны камоого аргасыз кылгандыр...

- Мен антип ойлобос элем. Себеби, Жеңиш Молдокматов сүйлөсө эле элдин баары анын артынан ээрчип кетпейт да. Маселен, мен ал айткан сөздүн жарымына ынансам, жарымына макул эмесмин. Элдин баары эле ал айткандын баарын кунт коюп угат деп ойлобойм. Ал оппозициялык багытты тандап алды.

Маселе чыгып, көйгөй жаралган жерлерге барды. Кемпир-Абадга барып, элдин арыз муңун укту. Өзү билген маалыматтарды айтты дегендей. Негизи ал билимдүү жигит. Ошон үчүн куру сөз менен эмес, Кемпир-Абаддагы жагдайды карта менен түшүндүрдү. Ал кандай маселе болбосун сабаттуулугун көрсөткөн жигит.

- Балким, жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, ээн ооздукка бир аз чектөө киргендир?

- Кыргызстан 1990-жылдан бери эле суверендүү, укуктук, ачык мамлекет болуп эсептелет. 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы түзүлүп, демократиялык күчтөр биригип, демократиялык жолду тандап алганбыз.

Сөз эркиндиги, жыйындардын эркиндиги, ар бир көз караштын эркин айтылышы, адам укугу деген принциптердин баарын көз жаздымда калбасын мыйзам менен бекемдегенбиз.

Ошондуктан, ар ким өз пикирин, көз карашын эркин билдирүүгө укуктуу. Кечээ президент жаңы конституцияга кол койду. Ал конституцияда дагы демократиялык принциптер сакталган. Жеңиш Молдокматовдун камакка алынышын мыйзамды бузгандык жана кандайдыр бир деңгээлде куугунтук десек туура болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости