www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Турсунбек мырза, журналисттер коомдук-саясий турмушка кɵз кырын салып турушат эмеспи. Журналист катары айтсаңыз, азыркы коомдо болуп жаткан акыркы саясий окуяларга көз карашыңыз кандай?
– Учурда өлкөдө саясий абал тынч, бир нукка түшүп калды десем жаңылышпайм. Себеби, бүгүнкү бийликке карапайым калктын ишеними жогору. Албетте, азыркы учурда. Айтайын дегеним, президент Садыр Жапаровдун оппозицияда жүргөндөгү эң башкы убадаларынын бир бул “Кумтөрдү” мамлекеттин менчигине өткөрүү болгон.
Баарыбызга маалым болгондой дээрлик 20 жылдан бери саясий топтор “Кумтөрдү” мамлекетке өткөрүп алабыз деп көкүрөк кагып, саясий упай топтоп, бирок элдин тилегин ишке ашыра турган оңдуу жыйынтык чыгара алышкан жок. Куру кыйкырык менен гана чектелип келишти. Мына кечээ жакында “Кумтөр” толугу менен кыргыз элинин менчигине өттү. Мындай саамалыкты биз кол чаап, кубаттап гана турушубуз керек. Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаров эл алдында жүзү жарык, убадасын аткаруу менен, элдин ишенимин дагы бир ирээт бекемдеп алды.
Ооба, бийликке дайым сын пикирлер айтылып келген, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок акыркы убактарда Садыр Жапаровдун дарегине орунсуз сындар айтылып калууда. Эмнеге орунсуз?! Себеби, Садыр Жапаров бийликке келгенден бери мамлекет үчүн кара жанын карч уруп иштеп жатканына эл күбө. Алсак, мугалимдердин, дарыгерлердин ж.б мамлекеттик кызматкерлердин айлык-маяналарын, пенсия-жөлөк пулдарды көтөрүп берди жана бул чек эмес экенин, бюджетке байланыштуу мезгили менен улам көтөрүлүп тураарын айтып жатканы коомчулукта колдоого алынууда.
Президентти эч ким мамлекетке зыян келтирип жатат деп айыптай албайт, укугу да жок. Анткени анын жасап жаткан иштери, шайланып келгенден берки аракеттери калктын бийликке болгон ишенимин арттыруу менен байланышкан. Эң башкысы президенттин күжүрмөн аракетте экенине мен гана эмес, коомчулуктун басымдуу бөлүгү ишенет.
– Сиз президент көпчүлүктүн ишенимине ээ деп жатасыз, бирок кумаркана боюнча мыйзамга кол коюу менен президентке болгон ишеним солгундап калган жокпу?
– Президент “Кумаркана” боюнча мыйзамды колдоп берүүгө аргасыз болду. Эл бюджеттин толтурулушун, бакубат жашоонун камсыздалышын талап кылып келе жатат. Ал эми казынаны толтуруу оңой иш эмес. “Кумтөрдөн”, же башка кендерден эле мамлекет бутунан туруп кетет деп ишенип жата берген болбойт. Дагы башка киреше булактары тынымсыз изделип турушу керек.
Мына ошол булактардын бири катары “Курамканаларды ачууга уруксаат берүү” маселеси болуп калды. Бир жагынан сырттан карыз алып, өлкөнү карызга батыргандан көрө, ички ресуртарыбызды колдонуу менен казынаны толтуруунун эмнеси жаман?! Ооба, коомдо кумаркана арам, динибизге туура келбейт деген сындар айтылып жатат. Үй-бүлөлөр бузулат, кылмыштуулук көбөйөт деген пикирлер да ортого салынды.
Бирок, мыйзамда кашкайып жазылып турбайбы, “бир да кыргыз жараны кумарканага киргизилбейт жана ага мыйзам жол бербейт” деп. Мына жакында кумарканаларга берилүүчү лицензиялардын баасы ачыкталды. Оңой сумма эмес. Эгер мыйзам бузулуп, кумарканадан кыргыз жараны кармала турган болсо лицензия дароо алынат. Кайсы кумаркана андай тобокелчиликке барат?
Эгерде кыргыз үй-бүлөлөрүндө кумаркананын айынан кыйроо, сыздоолор катталып, ал арбый турган болсо, жеке мен ошол мыйзам бузууну атап, ачык күрөшүүгө даярмын.
– Турсунбек мырза, коомдо “эки дос” деген түшүнүк калыптанып калды. Албетте, бул президент менен Камчыбек Ташиевге байланыштуу экени белгилүү. Саясатка аралашып жүргөн адам катары булардын мамилелери солгундап кетти деген божомолдорго ишенүүгө болобу?
– Ооба, кайсы бийлик болбосун артынан ар-кандай ушак айыңдар, кызуу кептер ээрчип жүрөт эмеспи. Албетте, бул эки инсаныбыздын ынак дос экени жумурай журтка белгилүү. Булар кечээ эле дос боло калган жок. Баштарына оор кыйынчылыктар келген учурдан тарта эриш-аркак жүргөн, бири-бирин сатпаган, мезгил сынынан өткөн санаалаштар.
Учурда мамлекеттин “эки тизгин, бир чылбыры” дал ушул эки досто экени жалганбы? Мындай ушактарды байма-бай чыгарып, эки достун ынтымагын ыдыратып, бийликти алсыратсак деген арам ой адамдар жок эмес.
Менимче, бул “арык аттап, суу кечпеген” жөн гана ушактар. Эмнеге мындай ушактарды таратып жатышат? Учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев президенттин ишенимин арттырып, тапшырмасын кынтыксыз аткарууда. Өзгөчө “Кумтөрдү” алууда, жемкорлук менен күрөшүүдө катуу туруп, бекем позициясын көрсөтө алды. Кээде президент эле эмес, Ташиевге таш ыргыткан сындар айтылып калууда.
Аракеттеги адамдарды ар-дайым айыптап туруу көнүмүш адат. Биз тескерисинче Ташиевдин чечкиндүүлүгүн пайдаланып, чек ара маселелерине чекит коюп алышыбыз керек. Эгемендиктен бери эсибизди оодарып келген чек ара маселесин чечүүдө реалдуу кадамдарга дал ушул Ташиев гана бара алат. Мен Ташиевди чечкиндүү, позициясында бекем турган көк жал инсан катары жакындан тааныйм. Биз эки доско бут тоспой, алардын аракеттерине дем берип, туруктуулук менен гана оң натыйжаларга жетише алабыз.
– Демек, сизди бийликтин бир тараптуу жактоочусу катары таанысак болобу?
–Мен жогоруда президент Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевичтин гана саясий бейнелерине кыскача гана токтолдум. Ооба, коомдук ишмер катары менин дагы бийликке болгон сын-пикирим бар. Бардыгы зымга тизгендей тегиз деп баа бере албайм. Кемчилик болбой койбойт.
Мисалы, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго коомдун ишеними эбак кеткен. Акылбек мырза коомчулукта амалкөй, жемкор жана “шайтандын шакирти” дегендей каймана какшык менен сыпатталып келет. Аны өзүнүн жүрүм-туруму, аракеттери менен көрсөткөн. Өмүрү ишкерлик менен алектенбей туруп, өлкөнүн эң бай адамына айланганы ɵзүнчɵ чоң маселе. Ал өзү дагы уялып, мындай чоң кызматка баруудан баш тартышы керек эле. Өзү коррупцияга шектүү адамдын, коррупцияга каршы жыйын өткөрүп ɵлкɵдɵгү экинчи адам болуп олтурганы бир топ ишеничке суу сээп туру. Бул жагы “ууруну карма деп, ууру жүрөт”, – деген кеп эмеспи!
Акылбек Жапаров канчалык аракеттенбесин, актанбасын аны эл жакшы жагынан кабыл алышы арсар. Ошол эле учурда Теңиз Бөлтүрүк боюнча пикиримди да ачыктай кетейин. Дүйнөлүк каатчылык кыйнап жаткан учурда кыйла акчага кеңсе алып, кычыраган кабинетке отура калганы ажонун аракетине көлөкө түшүргөндөй болуп калды. Эл арасында да аябагандай чоң айыптоолор айтылды. Анан калса, адис деп чет өлкөлүк жарандарды өзүм билемдик менен ишке алып, аларга он миңдеген доллар менен айлык жазып, кыргыз адистерин чанып жатканы кандай?!
Эң кызыгы ал жаңы кабинетине 550 миң долларга эмерек алганы тууралуу айың кептер айтылууда. Учурда президенттин тапшырмасы менен Эсеп палатасы ишкананы текшерип жатат. “Бул маселени тыкыр иликтеп карагыла, анча-мынча нерсе менен алданып калбагыла!”, -деп аудиторлорго кулак кагыш кыла кетсем да болот учурдан пайдаланып.
Негизи жогоруда мен айтып ɵткɵн Акылбек Жапаров менен Теңиз Бɵлтүрүккɵ эл ишенбейт. Булар түбү келип президентти жаман атты кылып кетпейт деп ким кепилдик берет?! Ажобуз ушул экɵɵнɵн ɵтɵ сак болушу керек! Кыскасы, “бөрк ал десе баш алган” жогорудагы аталган эки персонаж сыяктуу кадрларды тазалоо мезгилдин талабы!
Амантур Мусагул уулу
Булак: NazarNews.kg