www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда аялдар аскер кызматын өтөшү мүмкүн

Түштүк Кореянын Улуттук Коргоо министрлиги аялдарды аскерге чакырышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук куралдуу күчтөрдүн полковниги Пу Сын Чханга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Коргоо министрлигинин ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөр, мисалы, келишимдик кызматка өтүү же аялдарды аскерге чакырууну киргизүү, коомдук макулдашуунун жана ар тараптуу анализдин негизинде кабыл алынышы керек", - деп баса белгилеген Чхан.

Коргоо министрлигинин өкүлү аялдарды аскердик кызматка чакырууну талап кылган онлайн-петицияда 100 миңден ашуун кол топтолгон, бул үчүн өлкө жетекчилигинен жооп талап кылынат деген маалыматка Коргоо министрлигинин өкүлү комментарий берген.

Учурдагы мыйзамга ылайык, Түштүк Кореянын дени сак эркектери милдеттүү аскер кызматын эки жылга жакын өтөшү керек. Аялдар аскерге чакыруудан бошотулат, бирок өз ыктыярлары менен офицерлердин жана катардагы офицерлердин милдетин аткара алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости