www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс - спикер Дастанбек Жумабеков желекти өзгөртүү Кыргызстандагы ар бир адамга тиешелүү экенин айтып, бул маселе боюнча референдум өткөрүү сунушун берди. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулады.
Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн карамынын гүлү сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты. Парламенттин депутаты Дастанбек Жумабеков авторлор келтирген жүйөлөр негизсиз экенин билдирди.
Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратып, Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы сессиясында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов документти сындап чыгышкан. Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg