www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин мезгилинде кабыл алынган Туунун чамгарагы «крестке» окшоп калганы тууралуу, туунун түсү кызыл эмес, көк болсун деген пикирин депутат Малиев билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Демилгечилер белгилегендей, мыйзам долбоору башкы мамлекеттик символдорубуздун бири саналган Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртууга багытталган. Тагыраагы, туудагы айрым элементтерге тактоо киргизип, өзгөртүү сунушталууда. 

Талкуу маалында демилгечилердин бири, Төрага Нурланбек Шакиев бул маселеге байланышкан түрдүү пикирлер айтылып, туура эмес маалыматтар тарап жатканын белгилеп: “Туу өзгөрөр менен эле унаалардын номурларын же тууга байланышкан ар кандай документтерди дароо өзгөртүү талап кылынбайт. Колдонуу мөөнөтү аяктаганча кала берет. Мамлекеттик мекемелерде, Бириккен Улуттар уюму баштаган эл аралык бирикмелерде, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтеринде илинип турган жалпы 150дөй туу алмаштырылат”, – деди. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости