www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы 3-балдар ооруканасында 3 жашар бала каза болду. Баланын атасынын айтымында, ага дарыгерлер убагында туура диагноз коюшкан эмес. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

"Уулум 2 жаш 9 айлык болчу. Аны кечээ жерге бердик. Панфилов райондук ооруканасынын дарыгерлери диагнозун таба албай, эртеден кечке тамчылатма дары (капельница) коюшту. Балам райондук ооруканада үч күн жатты. УЗИ жана рентгенден өттү, бирок так диагнозун кое алышкан жок. Андан кийин тез жардам унаасы менен Бишкектеги №3 балдар ооруканасына алып келдик. Алар да дароо аныкташкан жок. Эртеси дарыгерлер аппендицит жарылып кетиптир деп, уулумдун ичеги карынына операция жасашты. Анан экинчи операцияны жасашты. Андан соң үчүнчүсүн. Баламдын канындагы канты түшүп кетип, реанимацияга жатып калды”,- дейт баланын атасы.

Анын айтымында, дарыгерлер менен териштирүү иштерин жүргүзбөйт. "Уулум тирүү болгондо аракет кылмакмын, бирок азыр кеч болуп калды" - деп билдирди жаран.

Редакция 3-оорукананын башкы врачы Акылбек Мамановго кайрылды. Ал бала жашаган жери боюнча ооруканада дарылангандан кийин оор абалда ооруканага жеткирилгенин тастыктады.

"Ага операция жасадык. Колубуздан келгендин баарын кылдык. Бирок аны оор абалда бизге алып келишти. Бала реанимацияда жаткан, тилекке каршы ал кечээ каза болду. Анда катуу гангреноздук перфоративдик аппендицит, ириндүү калдык перитонит, ичеги-карындын эвентерациясынын терминалдык фазасы, ичегилердин тосуусу, туура эмес тамактануу, сепсис, кома, мээнин шишиги менен келип түшкөн” , - деп түшүндүрдү дарыгер.

"Биз зарыл болгондун баарын жасадык", - деп баса белгиледи Маманов.

 

Последние новости