www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

T’Way авиакомпаниясы Бишкек-Инчхон каттамын ачат

Түштүк Кореянын авиакомпаниясы Бишкек-Инчхон түз аба каттамын ачууну пландоодо.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын T'Way авиакомпаниясынын президенти Йонг Хонг Ген жетектеген делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Инчхондон Бишкекке түз авиакаттамдарды ачуу планын 2023-жылы ишке ашырууну талкуулашты.

Аталган авиакомпаниянын президенти Йонг Хонг Гёнг 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жабылганына байланыштуу, анын ичинде Кыргызстанда туруктуу каттамдар жылдырылганын айтты.

Ишкана жетекчиси учурда 29 учактын ичинен жетөө гана учак түрдүү багытта кызмат көрсөтүп жатканын кошумчалады. 2022-жылдын сентябрь айында узак аралыкка уча турган жаңы учактарды алуу пландалып жатканын, алар авиациялык коопсуздук боюнча сыноодон өтүшү керектигин айтты. Анын айтымында, жаңы учактар 2023-жылы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууну пландап жатат.

T'Way компаниясы чартердик рейстерди да жүзөгө ашырууну көздөп, алгачкысын 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырганын маалымдады.

Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Тажикстан, БАЭ жана Кытайдын авикомпаниялары учуп-конууларды ишке ашырып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости