www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын Иранга кол салуусу "туура эмес" болорун айтып, Вашингтон менен Тегеранды дипломатиялык жол менен пикир келишпестиктерди чечүүгө чакырды. Бул тууралуу трт билдирди.
Шаршемби күнү "Аль-Жазира" телеканалына берген маегинде Фидан Иран менен болгон чыңалуу күчөп, АКШнын аскердик күчтөрү Жакынкы Чыгышка жайгаштырылып жаткан учурда аймактык кызматташтыктын маанисин белгилеп "согушту кайра баштоо туура эмес" деди.
Эки өлкөнүн ортосунда айтылган катуу сөздөргө карабастан, дипломатиялык чечимдин азыр да мүмкүн экенин баса белгилеген Фидан: "Иран атомдук досье тууралуу кайра сүйлөшүүгө даяр", - деди.
Фидан АКШнын расмий өкүлдөрүнө Иранга байланыштуу маселелерди комплекстүү пакет катары эмес, этап-этабы менен чечүүнү сунуштады. "Америкалык досторубузга менин кеңешим - Иран менен досьелерди бир-бирден жабуусу керек. Атом менен баштап, аны жаап, андан кийин башкаларына өтүү", - деди.
«Эгерде сиз бардык маселелерди бир пакетте сунуштасаңыз, анда ирандык досторубуз үчүн аны сиңирүү, чындап иштетүү жана ишке ашыруу абдан кыйын болот», - деген Фидан :«Кээде бул аларга кемсинтүүчү көрүнүшү мүмкүн. Муну аларга гана эмес, жетекчиликке да түшүндүрүү кыйын»,- деп кошумчалады.
Тышкы иштер министри Фидан ошондой эле Ирандын аймактык тартипте «идеалдуу орунду» камсыздай аларын, бирок коңшу өлкөлөр менен ишенимди орнотуу керектигин айтты.
Түркиянын тышкы иштер министри ошондой эле ар кандай идеологияларга жана секталарга карабастан, аймактагы өлкөлөр улуттук-мамлекеттик системанын алкагында кызматташуусу керектигин баса белгиледи.