www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министринин иш күнү кантип башталат?

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин күнүмдүк иши кандай өтөрү тууралуу ТИМдин басма сөз катчысы Азамат Кайбалиев айтып берди.

Анын маалыматына караганда, министрдин иш күнү жардамчысынын күндөлүк график боюнча маалыматы менен башталат.

Андан кийин ал кагаз жана электрондук түрдө келген документтер менен таанышып, тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтөт.

Министрдин иш графигинин негизги бөлүгүн жыйындар, жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана чет элдик делегациялар менен иш алып баруу түзөт. Ар бир дипломатиялык жолугушууга алдын ала даярдык көрүлүп, бардык протоколдук маселелер иштелип чыгат.

Кулубаев ошондой эле министрликтин атынан жарыяланган маалыматтык материалдарды, расмий билдирүүлөрдү жана пресс-релиздерди жеке макулдашат.

Адаттагы иш күнүндө тышкы иштер министри орто эсеп менен 50гө жакын документке кол коёт. Айрым учурларда эл аралык иш-чараларга жана майрамдарга байланыштуу документтердин саны көбөйөт.

Чет өлкөгө болгон сапарлар учурунда министр расмий жолугушууларды өткөрүп, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Бишкекке кайтып келип, күнүмдүк иштерин улантат.

Азамат Кайбалиевдин айтымында, ТИМде бардык эл аралык иш-чараларга бирдей деңгээлде кылдат даярдык көрүлөт, анткени министрлик мамлекеттин жүзү болуп саналат.

Последние новости