www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасында жүргөн жана барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөрдү маалымдайт:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын Миграция иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы мейманканалардан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгенин билдирет.
Бул система чет өлкөлүк жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, 2026-жылдын 20-мартынан тартып, Кытайдын Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, ошондой эле Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда жана Чунцин шаарында ишке ашырылууда. Келечекте бул практиканы өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу пландаштырылууда.
Кытай Эл Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, мейманканаларда жашаган чет өлкөлүк жарандар мейманкананын администрациясы тарабынан катталууга тийиш, андан кийин маалыматтар коомдук коопсуздук органдарына берилет. Эгерде мейманканадан тышкары жерде жашаса, чет өлкөлүк жаран же кабыл алуучу тарап 24 сааттын ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталууга милдеттүү.
Каттоону онлайн форматта Кытай Эл Республикасынын миграция кызматынын "移民局 12367" мобилдик колдонмосу аркылуу, ошондой эле "WeChat" жана "Alipay" системаларындагы мини-программалар аркылуу жүргүзүүгө болот. Мында коомдук коопсуздук органдарына жеке кайрылуу аркылуу маалыматтарды салттуу тартипте берүү мүмкүнчүлүгү сакталат. Онлайн-каттоо жеке кайрылуу аркылуу жүргүзүлгөн каттоо менен тең укуктук күчкө ээ.
Тышкы саясий ведомство Кытайдын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жашаган жерин каттоо боюнча белгиленген талаптарды кылдаттык менен сактоону сунуштайт. Суроолор же кыйынчылыктар пайда болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Кытайдагы Элчилигинин ыкчам байланыш телефонуна кайрылууну өтүнөбүз: