www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Орусияда тыюу салынган уюмдар катарында жүргөн Талибанга Орусия мындан ары тыюу салынган уюм дегенди алып салды. Кокустан жаңылып айтып алсаң балээге каласың. Сталин да Ооганстанга кантип кол салгысы келгенин өткөндө которуп бердик. Ошону улантабыз... Совет өкмөтү мусулман каршылыгын кантип жоюунун жолун издеп, тажрыйбасын арттырып жатты. Борбор Азия чөлкөмүндө 1920-жылдары басмачылар менен айыгышкан уруш токтоло элек кез. Газаватка чыккандарды большевиктер басмачылар (капыстан кол салчулар) деп аташкан.
Иркуттук изилдөөчү Сергей Панин ОГПУнун бир документин таап чыкты, анда мындай деп айтылган: "...талаа командири Жунаидге каршы 1928-жылдын 1-июнуна караган түнкү аскердик операцияда кызыл авиация басмачыларга каршы иприт бомбасын таштаган (РГАСПИ. Ф. 62. Оп. 2. Д. 1367. Л. 104). Элүүдөй жоокер менен эки жүздөй төө саңырсыган булуттан туш тарапка качып, аман калгандары чогулуп Персия тарапка өтүп кеткен.
1928-жылдын майында СССР коммунисттери падышаны өзгөчө шаң-салтанат менен кабыл алышкан. Аскердик парад, мылтык атуу, банкеттер, ат майдандагы күлүк жарыштырууларга катышуу, "Червона Украина" линкорун көргөзүү. Даражалуу мейман токтогон жерге борбордук музейлердеги баалуу экспонаттар коюлган, азем буюмдар жайнайт.
Изилдөөчү Юрий Тихоновдун ырасташынча, ал арада Ооганстанда ак сарайда иштегендер менен офицерлердин, аткаминерлердин мамлекет казынасын тоноосу жергиликтүү элдин үрөйүн учура турган деңгээлге жеткен. Айласы куруган калк 1928-жылдын күзүндө курал алып, бийликке каршы чыгууга мажбур болгон. Өлкөнүн чыгышындагы пуштундар менен түндүктөгү тажиктер басымдуулук кылган жерлерде бир убакта көтөрүлүш өртү жалындаган.
СССР чек арасына жакын жерлердеги Аманулла-ханга каршы көтөрүлүштү карапайым калк арасынан чыккан унтер-офицер Хабибулла Калакани – консервативдүү исламдын жактоочусу баштаган. Ооган кызматындагы советтик учкучтар ноябрда пуштун партизандарынын айылдарына бомба таштай башташты. Бирок бул ирет абадан чабуул көтөрүлүшчүлөрдү көбөйттү, козголоңчулар башка жерлерге жайыла баштады. Аманулла пашанын суроосу боюнча совет тарап декабрдан тарта күйгүзүп салчу жана чачырап кетчү авиабомбаларды арбын таштай баштады. Аскердик жардамдын күчөшү аягында барып Ооганстанда советтик протектораттын орношуна алып келиши керек эле. 27-ноябрда Аманулла советтик өкүлдөн тезинен химиялык авиабомбаларды алып келүүнү сурады.
1928-жылдын 13-декабрындагы Саясий бюронун отурумунун № 53 протоколу (бул органдын тарыхтагы жападан-жалгыз белгилүү токтому - массалык кыргын салчу куралды (МКС) экспорттоо тууралуу : “Ооганстан тууралуу: Аскер-деңиз эл комиссарлыгына Ооганстан өкмөтүнө белгиленген тартипте 1000 мылтык, тийиштүү сандагы ок-дарысы менен, 20 пулемёт, 1000 химиялык артиллериялык снаряддарды жана бир радиостанцияны сатууга, ооган өкмөтүнүн кыйналып турган абалын эске алып сатылган курал-жарактар акысына жүн, пахта, каракүл жана башкаларды алууга уруксат берилсин”.
Массалык кыргын салчу куралдар кийин жөнөтүлбөй калган. Аманулла хандын абалы күндөн-күнгө начарлай берди. Анан кысталыш кырдаалды таразалап көрүп, хан 1929-жылдын 13нөн 14үнө караган түнү такты инисине өткөрүп берип Кандагарга кетип калган. Бирок анын бул аракети бийликтеги үй-бүлөнү сактап кала алган жок. Бир күндөн кийин Кабулду тажик Бачаи-и Сакаонун куралдуу отряды ээлеп, ал өзүн эмир Хабибулла деп жар салды. Анын бийлигин Пуштунистандын козголоңчулары тааныбай, куралдуу кагылыш улантылды, Аманулла да куралын таштай элек эле.
Сталин биринчи ирет Ооганстанды багынтып, аскер күчү менен тагын таштап кеткен падышаны алып келүүнү чечти. Барнаулдук изилдөөчү Владимир Бойконун ырасташынча, мындай шартта Аманулла кызыл аскерлер менен ОГПУнун кеңешчилеринин айтканын гана аткарган өкүмдар болуп калмак. 20-мартта Саясий бюронун оогандарды басып кирүү тууралуу токтому чыкты. Операциянын жалпы жетекчилиги Сталиндин жакын досу Ворошиловго жүктөлүп, жеринде аскерлерди башкаруу Кабулдагы мурдагы аскердик атташе Виталий Примаковго тапшырылган. Ага "Рагиб бей" деген жашыруун ысым берилип, даярдык иштери 14-апрелге карата аягына чыккан.
Агабековдун эскерүүсүнө караганда, уруш болору кабарланбай чабуул эртең менен эрте башталган: “Күбөлөрдүн айтуусунда, чек ара жанындагы Термез шаарынан советтик аэропландар учуп чыгып Амударыядан өтүп ооган чек арасынын жанындагы Патта-Гиссар пунктунун үстүнөн айлана баштаган. Чек ара үстүнөн айланган учактарды көрмөкчү болуп сыртка чуркап чыккан чек ара аскерлеринин баарын аэропландагы пулемёт менен кырып салышты”.
Чек ара пункту бомбалоодон кийин түтүн каптаган бийик дөбөлөргө айланып калды, чабуулга кирген өйүздөгү аскерлер кайык, баржалар менен Амударыяны эч тоскоолдуксуз сүзүп өтүшкөн. Биздикилер куралдарын шаар дарбазасына жакын орнотуп бир атыш менен жыгач дарбазалардын бырын-чырынын чыгарышты... Отряд шаарды ээледи.
Басып алуучулардын негизги күчү - атчан аскерлер эле. Миңден ашуун ооган формасын же жергиликтүү элдин кийимин кийген кызыл аскерлер, ооган эмигранттары каптап киришти. Ооган эмигранттарынын башында Ооганстандын элчиси жүрдү. СССРдин чек арага жакын райондорундагы иши тууралуу советтик чалгынчы Николай Фригут жогору жакка жөнөткөн отчетунда корбашыны жактырбаганын жашырбай эле минтип жазган: “Гулям Наби хан отряддарды түзүп атканда эч нерсени жашырбай ачык айтып жүрдү. Ал самтыраган ооган көрсө эле (кээде болбогон оюна койбой) отрядына кошуп алчу. Эч кандай конспирация сакталбады”.
Ошентип түзүлгөн бөлүктөр радиобайланыш менен камсыздалып, пулемёттор, башка куралдар менен жабдылган. Айрым кагылуушуларга баш бербей Примаковдун отряды бир аптанын ичинде өлкөнүн түндүк тарабындагы Мазари-Шариф шаарына жеткен. Агабековдун айтуусунда, ал өзү да ошол шаарда болчу. “Таң агарып, жер жарып келаткан. Түнкү тынчтыкты бузуп замбиректердин дүңкүлдөгү угулду, аларды пулемёттордун тытыраганы басып кетти. Атышуулар эки сааттай токтогон жок, аскерлер шаарга жакындап келатышты. Акырында дагы бир замбирек атылды, ага улай аскерлердин “ураалаган” үндөрү жаңырды… Биздикилер куралдарын шаардын дарбазасына жакын орнотушуп бир атыш менен жыгач дарбазалардын бырын-чырынын чыгарышты. Отряд шаарды ээледи”.
Анткен менен иликтөөчү Павел Аптекардын белгилешинче, алгачкы жеңишке жетишкендер аз жерден курчоого түшүп кала жаздаган. Примаков минтип маалымдайт. “Операцияны башында чакан атчандар отрядынын жардамы аркылуу баштоо пландалган, уруш күчөгөн сайын ага башка түзүмдөр кошулуп алдыга жыла беришмек, бирок биринчи күндөн тарта жергиликтүү калктын катуу каршылыгына туш келишти”. Бир күндөн кийин Хабибулланын аскерлери шаарды курчап калышты. Тажикстандан жардамга жөнөтүлгөн эскадрон оор жоготууларга учурап, артына кайтып кетүүгө мажбур болду. Мазари-Шарифке курал-жарактар, ок-дарылар учактар аркылуу жеткириле баштады.
(уландысы бар)
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg