www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тынчтыкбек Кадырбекович, комитетте Ысык-Көлдү коргоо боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда, сиз браконьерлик боюнча маселе көтөрдүңүз. Бул маселе бүгүнкү күндө канчалык актуалдуу?

- Браконьерлик чындыгында чоң көйгөйгө айланды. Тоодогу эчки-текелерди, аркарларды, көлдөгү балыктарды аёосуз кырып жатышат. Аларга катуу чараларды көрүү керек, ансыз булар токтобойт. Айып пулун төлөп эле кете беришет экен.

- Бирок, азыр деле аларга карата өтө катуу чаралар каралган да. Мисалы, аркар-кулжаны аткандар 1 млн. сомго чейин айып пул төлөшөт.

- Аны менен болбойт. Көпчүлүк катышкан сот процесстерин өткөрүп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Жогоруда айкандай, ансыз браконьерлик токтобойт. Буларды текшерип, көзөмөлдөп жаткан эколог кызматкерлерди да караш керек. Себеби, алар өз ара чечишип, жең ичинен бүтүрүп коюп жатышат.

- Скутерлерге, катерлерге да тыюу салыш керек дедиңиз...

- Скутерлер эл сууга тушүп жаткан жерлерди аралап жүрүшөт. Булар эс алуучулар үчүн акуладай эле азап болду. Кичинекей балдар сууга чүмүгөндө көрбөй калышат экен. Канча кырсык болду? Көбү билинбей калууда. Жең ичинен жаап коюп атышат. Башка өлкөлөрдөн көрүп жүрөбуз, скутерлер үчүн пляждан алыс, атайын жерлер болот. Скутер тепкиң келеби, ошол жакка бар.

Биз азыр саркындыларды тазалоочу системалар боюнча да маселени карап жа-табыз. Биздеги эң негизги маселе эмне? Эгер тазалоочу системасы болбосо андай пансионатты иштетпей, такыр эле жабыш керек. Аларга уруксат берген, пайдаланууга кабыл алган комиссияны, пансионаттын ээсин жоопко тартуу кажет. Айталы, 500 орундуу пансионат болсо, архитектурада мынча ажаткана болуш керек деген норма бар. Ошолорду салдырыш керек. Ошондо гана көлдү булгоо токтойт,-деп "Азия new" гезитине маек куруп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости