www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
43 миң сом деле биздин Кыргызстандыктар үчүн өтө жакшы эле айлык. Анча акачаны ким алат эле? "Шабашкасы" да көп. Бирок эл менен кажылдашып айтышпай эле, Улуу Британияда элге өз оюн айтып жүрө берсе болмок беле. Элчилердин айлыгы бир мектептин мугалимдерин чогултуп келгендеги, алардын чогуу айлыгына тете. АКШ жана Канададагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи, экс-президент Роза Отунбаеванын иниси 2020-жылы айлык маяна түрүндө 3 432 793,7 сом алган жана айлык акыларынын деңгээли боюнча элчилердин жана консулдардын сап тизмесинде биринчи орунда турган. Андан тышкары ага тиешелүү Toyota Land Cruiser, 2018-жылы чыккан, үйү — 160 кв.м.
2. Кытайдагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 3 208 228 22 202 сом - дивиденддер ААК (ишенимдүү башкарууга берилген) 2 батир — 113 кв.м. жана 31 кв.м.
3. Гулнара Клара Самат (экс-БШК төрайымы) (Орусия, Армения) 2 389 869
4. Шарипов Жусупбек Шарипович, экс-президенттин агасы (Украина, Болгария, Румыния) 2 265 961, батир (50% үлүш) — 71 кв.м.
5. Жунусов Ибрагим (Өзбекстан) экс-вице-премьер, 2 223 000 2 939 000 сом (жарандык -укуктук бүтүмдөрдөн кирешелер) Mercedes Е-320, 1999-жылы чыккан батир — 68 кв.м.
6. Түштүк Кореядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 2 198 344 Үй — 110 кв.м.
7. Германия, Дания, Норвегия, Швеция, Сан-Марино, Ватикандагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 805 760 Subaru Tribeca, 2006-жылы чыккан, V-3000 2 үй - 209,6 кв.м. жана 231,5 кв.м.
8. Улуу Британия, Түндүк Ирландиядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 732 500 батир — 71 кв.м. гараж — 17,2 кв.м. Мурунку элчи Эдил Байсалов вице-премьерди алды.
9. Түркиядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 611 487,38
10. Ибраимов Эрмек Султанович (Беларус, КМШ), экс-премьердин уулу, 1 479 097,23 2 135 977,60 сом (башка булактардан кирешелер) Үйдүн бөлүгү — 320 кв.м. батир — 82 кв.м.
11. Казакстандагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 330 388,08 Lexus RX-330, 2004-жылы чыккан, V-3311 батир — 100,6 кв.м.
12. Катар, Кувейттеги өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 323 826 жер тилкеси — 5 сотый батир — 153 кв.м. кампа — 6,5 кв.м. гараж — 22 кв.м.
13. Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич,экс мамлекеттик катчынын уулу, 977 882,5 Акционердик коом (ишенимдүү башкарууга берилген) — 12% батир — 80 кв.м. үй — 200 кв.м. көп жылдык өсүмдүктөр — 500 кв.м.
Бул өзү карапайым калк үчүн жомок. Дагы бир жомок кыргыз эли үчүн миллион сомдук айлык алгандар барбы? Эдил Байсалов Эркин Асрандиев сыяктуу Улуу Британиядагы элчилигин өткөзүп берип мамлекетти башкаруу органдарына келген.
Байсалов бул орунга жетери менен бир акырдан жем жеп жүрүшкөн батышчыл НПОлорго оңураңдап алган. Андан тышкары КТРКга катуу сын айтып, эмне үчүн элге жакпаган көркөм фильмдерди көрсөтүп жатканы үчүн жоопкерчиликке тартуулусун сунуштаган. Батышты дайыма үлгү туткан Байсалов сакалдуу адамдарды сөккөндөн кайра тартчу эмес. Азыркы сөз да Текебаевден улам чыккандай, Эдил Байсалов учурунда АШАнын ашмалтайын чыгарып жүрчү, Жээнбеков президент болор менен Англия тарапта «жем» ыргытып койду эле, желпинген бойдон жетип «жентельменге» айланып, өзүнө нике да кыйып жиберген. Батыштын тарбиясын катуу сиңирип алган окшойт, азыр интернетте батышчылар сөгүнүп жатса, Эдикең Конституциялык жыйында өзүн-өзү кармай албай «дипломатиялык мамиле» менен сакалдуу адамды «Атаңдын башы...» деп урушууга да барган. Кыргыздар качан аксакал адамдарга катуу айтчу эле? Же ал кездеги Улуу Британиядагы элчибиз жаман айта берсе болмок беле? Бул окуя «Конституциялык системанын негиздери» бөлүмүнүн отурумунда болгон. Аксакал жана Эдил Байсаловдун ортосунда чыр чыккан.
Негизги Мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын айтуу үчүн Нарын шаарынан келген пенсионер Шарабидин Эрмеков Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловду сынга алган. Анын пикиринде, элчинин Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизүүгө укугу жок. «Байсалов, сен эмне үчүн бул жерде отурасың? Сен Текебаевдин адамысың, ошого бар!» - деп кыйкырган. Байсалов буга чыдай албай, Шарабидин Эрмековго орой жооп берген.
Байсаловдун айтуусунда Текебаевдин Конституция иштебейт деген. Ошол Конституцияны Өмүрбек Текебаев өзү эле жалгыз жазып койгон сыяктуу. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев “Конституцияны карап чыгыш керек” деп айтып жүрдү. Албетте айтат. Анткени, Конституция кабыл алынып жатканда Атамбаев келип, аны барактап, бир нерсесин чиймелеп катышканы эсте жок. Анын баарын Текебаев НПОлорду чакырымыш болуп, маалымат каражаттарына чыгарып, өзү жазган. Ошого катышып жүргөн бир мүчөсү азыркы депутатка талапкер Токтайым Үмөталиева “Биз бекиткен документ эмес” деп кыйкырып жүрдү.
Текебаев Отунбаеваны алдап “сиз президент болуңуз, биз шайлап беребиз” деп бул Конституцияны өткөргөн. Ага деле Отунбаева макул болуп берди. Өмүрбек Чиркешовичтин кичинекей чагынан бери президент болом деген ою бар да. Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткарчу. Ага бийликти толугу менен өткөрүп берди да: “Тышкы саясатка чейин сиз чечесиз. Президент бир дагы маселеге катыша албайт” деп ишендирейин деп далай эле аракет кылды. Негизги максаты Атамбаевди “Сен премьер-министр болуп каласың. Бийликтин баардыгы сенин колуңда. Президентке кичине эле бийлик калат. Отунбаевадан кийин шайлоого сен барба. Мен эле болоюн. Сен премьер-министр болуп калып, мамлекетти башкар” деп ынандыруу болчу. Конституциянын биринчи тамгасынан баштап, акыркы тамгасына чейин ошол максатта: Атамбаевди ишендирип, президенттик шайлоого катыштырбоо үчүн жазган Текебаев. Бирок, ал ишке ашпады. Мына азыр баары урап, талкаланып, министрликтерде, Бишкектин борбордук көчөлөрүндө эле мамлекеттик бийлик болбосо, сыртында эмне болуп атканы, ким бийлеп атат, ким тартипти орнотуп жатат эч ким билбей калган.
Мамлекетибиз талкаланганы Конституцияда экенинде ким танат?! Бул Конституция иштебей, жарашпай турганына баарыбыздын эле көзүбүз жетпедиби. Партиялар ушул системада бекемдешет, өздөрү чабак курганды үйрөнүшөт, “көч бара бара түздөлөт” деген Текебаевдин сөзү калп болуп чыкпадыбы.
Ошол учурда Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүү боюнча Орусия президентинин атайын өкүлү Рушайло келип, түптүз эле “Туугандар, биз силерди колдойбуз. Өзүңөрдүн көзүңөр жетип атабы? Бул Конституция иштебейт. Анан кандай болот?” деп айтканы бар. Аларда “КМШ өлкөлөрүнүн саммитине президентиңер келеби же премьер-министриңерби?” деген суроо негизги болуп жатты. Биздикилер “премьер-министр барат” деген жоопту эле айтышкан. Чынында эле Конституцияга ылайык, бизде тышкы саясатты премьер-министр чечиши керек эле да. Ушул эле фактыдан Текебаевдин Конституциясы иш жүзүндө аткарылбаганын билип алсак болот. Туура эмес жазылып, туура эмес кабыл алынган Конституция аягы жок болду. Оңдогондо да Конституцияны туура эмес жазган Текебаевсиз оңдошту. Ал кишинин моралдык укугу жок ооз ачканга! Балким ошол үчүн Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов эми да Текебаевге үн катып жаткандыр. Болбосо, убагында коргобойт беле Конституциясын. Өмүрбек Текебаевдин Конституциясы демократияга эч кандай тиешеси жок. Кайрадан элди мамлекеттен жана бийликте алыстатты! Өтүп бараткан парламенттин алсыз болуп калганынын себеби Конституцияда!
Баса, мурдагы башкы прокурор жана Конституциялык соттун экс-төрайымы Чолпон Баекова Нарын Айыпка берген маегинде “2010-жылдагы Конституция дагы өтө шашылыш кабыл алынган, жыйынтыгында, сот системасы башы жок калды, а Убактылуу өкмөт Конституциялык сотту Жогорку соттун алдындагы палатага айлантып, абийирсиздик кылышты» -деп айтканы бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg