www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Петропавловск-Камчатск шаарынан Хабаровск шаарына дарыгерлер менен учакта учуп бара жаткан жүрөк оорусу менен ооруган үч айлык наристе көз жумду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, наристе убагынан эрте, тактап айтканда 27 жумалык болуп төрөлгөн. Баланын энеси Ольганын айтымында, төрөт бөлүмүндө ал өзүн жаман сезип, ара төрөп койгон. Наристенин киндиги айрылып кетип, ал көп кан жоготкон. Баланын салмагы 980 грамм эле болгон. Кийин  дарыгерлер балага жүрөк оорусу диагнозу коюп, ымыркайга кан куюлуп, дем алдыруу аппаратына туташтырышкан.
Үч айдан кийин, октябрь айынын башында баланы Хабаровск шаарындагы жүрөк-кан тамыр хирургия ооруканасына операция жасатууга жөнөтүшөт. 

“Дарыгер Яна Олеговна бала өмүрүнө  толук коопсуздук камсыздалды деп айткан болчу”, -дейт баланын энеси. Ал дарыгерлер баланы учакка өздөрү шашып жатып  салышканын жана жөнөкөй рейс менен учушканын кошумчалады. 
Ольга учактын ичи бирдей температурада болбой ысык жана үп болгонун айтат. Учак коноор алдында балага туташтырылган аппараттагы датчик иштеп кетип, жүрөккө приступ бергенин билишкен. 

“Дарыгер керектүү чараны көрүп, датчик токтоп калды. Бирок, бир нече мүнөттөн кийин кайра приступ кайталанды. Дарыгер кийимин ачып, жүрөккө массаж жасап баштады. Абалы кайра бир нече мүнөткө калыбына келди. Кайра үчүнчү приступ болгондо дары менен кычкылтек түгөнүп калганын билдик”, -дейт энеси. 

Анын айтымында, стюардессалар дарыгерлерге дары менен чоң баллон кычкылтек алып келип беришкен. Бирок, ал балага туура келбей учак коноорго 20 мүнөт калганда баланын жүрөгү токтоп калган.

Маалымат боюнча, Ольга Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазган, эми прокуратурага да кайрылуу даярдап жатат. Ольганын айтуусу боюнча жүрөк оорусу менен ооруган баласына дарыгерлер керектүү шарттарды камсыз кылышкан эмес.
Камчатск крайынын Саламаттыкты сактоо министрилигинде окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости