www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч миң сомдук көмүр дагы деле сатылып жатат

Президенттик администрация тарабынан уюштурулуп, 3 миң сомдон көмүр саткан жай дагы деле иштеп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Аталган мекеме "КР аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндөгү" токтомдун негизинде рейддерди улантууда. Атайын комиссия 3-декабрь күнү Бишкек шаарынын Мурманская жана Гагарин көчөлөрүндө жайгашкан көмүр сатуучу соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүздү.

"Мурманская көчөсүндө көмүрдүн тоннасы 4500 сомдон сатылып жатат. Ошондой эле президенттик администрация тарабынан уюштурулуп 3 миң сомдон сатылып жаткан көмүр дагы деле бар. Ал эми башка жайларга көмүрдүн кымбаттатып сатуу боюнча эки ишкерге айып салынып, дагы экөөнө эскертүү берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3 000 сомдон сатыларын убадалап, көмүр ушул баа менен бериле баштаган. Бирок арзан көмүр аз-аздан келип, кезекке тургандар көп. Сатуучулар арзан көмүр алууну каалагандар 10 күн эрте кезекке туруп, тизмеге жазылышы керектигин эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости