www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чехиянын президенти Милош Земан коронавирус жуктуруп, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чехиянын Frekvence 1 радиосу өз булактарына таянып билдирди.
Президенттин басма сөз катчысы Иржи Овчачек да Твиттерде президенттен коронавируска тапшырган анализинин натыйжасы оң чыкканын тастыктады. Президентке инфекция диагнозу коюлганы менен оорунун сырткы белгилери жок. Ошол эле учурда, Česká televize билдиргендей, Земан коронавируска каршы үч эм алды. Саясатчы мурда дарыланган Прагадагы Борбордук аскердик госпиталга (CVH) кайтып келген.
14-октябрда Земанга боор энцефалопатиясы деген диагноз коюлганы белгилүү болгон. Бул оору курч же өнөкөт боор жетишсиздигинен улам олуттуу татаалдашуу болуп саналат. 77 жаштагы саясатчы 10-октябрда реанимацияга түшкөн.
Бул ортодо чех сенатору Милош Выстрчиль президент Милош Земандын кызматтан кетишин талап кылды. Президент өз милдеттерин толук аткара албай жатканын ноябрь айынын башында медициналык кеңештин жетекчиси тастыктаган. Ага карабастан Земан 25-ноябрда ооруканадан чыгып кеткен.
Булак: NazarNews.kg