www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы бардык учкучсуз учуучу чалгындоо жана чабуул жасоочу аппараттар, анын ичинде Байрактар УКМКнын Чек ара кызматында кызмат өтөп жатканын жана эч кандай зыян албаганын маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, учкучсуз учактардын экипаждары берилген тапшырмаларды аткарууга даяр.

Бүгүн, 14-июлунда Балыкчы шаарындагы машыгуу полигонунун аймагында жаңы типтеги тактикалык мини-дрондун машыгуу сыноолору өткөрүлдү, ал Ысык-Көл облусунун Тамчы аэропортуна конуп жатып, жерге кулап түшкөн.

Мини-дрон кулап түшкөндө эч ким жабыркаган эмес. Учурда аэропорттун аймагын мини-дрондун бузулган бөлүктөрүнөн тазалоо иштери жүрүп жатат.

Сыноочулар тобу окуянын себептерин иликтейт.

Последние новости