www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Учкун” Кыргызстандын үч банкынан 6,5 миллион евро насыя алат

“Учкун” акционерлеринин кезексиз жыйынын өткөрдү. Акционерлер ири лизинг келишимин бекитишти жана бул маселе боюнча чечим кабыл алуу укугун компаниянын башкы директоруна беришти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Ишкана атайын жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана керектелүүчү материалдарды ижарага алат, ошондой эле ишкананын имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн “Учкун” үч банк: “Айыл Банк”, “РСК Банк” жана “Керемет Банк” менен 6,5 миллион еврого лизинг келишимин түзөт.

Бул бүтүмдөрдү жүргүзүү ыйгарым укуктарын жана “ар кандай шарттарда” деген шарт менен акционерлер “Учкун” ААКнын башкы директору Бактыбек Султановго беришти.

Полиграфиялык жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагына жеткиргенге чейин аларды ишке киргизүү мөөнөтүн эске алуу менен ишкананын акциялары “Айыл Банк” ААКсында лизингге күрөө катары калтырылат.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда май айынан тарта “Учкун” ААКсы мамлекеттик маанидеги документтерди, андан кийин “Кудай буйруса” акчаны даярдай баштаарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости