www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө коронавирусту дарылоо үчүн 4 943 кычкылтек концентратору жана 506 ИВЛ аппараты колдонулуп жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге таянып кабарлады.

Анын айтымында, өлкөдө бүгүнкү күндө COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып, дарылоо үчүн орун жетиштүү.

"Даярдалган 8 000 орундун 4 620сы колдонулуп жатат. Анда 1 948 бейтап дарыланууда", — деген Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигине баасы 59 700 долларды түзгөн 10 000 диагностикалык экспресс-тест тапшырылган. Аны сатып алуу ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банктын жардамы менен ишке ашканы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости