www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абакта жаткан адам асынып алды

Алматы облусунун Заречный айылындагы өзгөчө катаал режимдеги абакта отурган 33 жаштагы Берик Рахматуллаев асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу укук коргоочу Елена Семенова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, катаал шартта кармалган Рахматуллев шейшемби күнү түштөн кийин дисциплинардык изоляторго которулуп, сөөгү ошол жерде табылган.

«Дисциплинардык изолятордо эмне болгону белгисиз, бирок түрмөдөгүлөр анын кыйкырганын угушкан. Рахматуллаев асынып алганы тууралуу кабар тарагандан кийин камактагылар анын сөөгүн талап кылышкан. Кызматкерлер эч кандай сөөк жок экенин айтышкандан кийин тамактан баш тартып, козголоң чыгарып, идиш-аяктарды сындыра башташкан. Көп өтпөй жетекчилердин бирөө келип, Рахматуллев асынып алганын айтып анын сүрөтүн көрсөткөн», — деп жазды Семенова.

Анын айтымында, азырынча камактагы адамдын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.

Жазаларды аткаруу кызматынын Алматы облустук башкармалыгы Рахматуллаевдин асынып алганын ырастап, бирок абакта эч кандай козголоң болбогонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости