www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровко төбөсүнөн ылдый жарма төгүп жаткан Феликс Кулов ким:
Биринчиден, Апсамат Масалиевке асылып, Аскар Акаевди президент кылгандардын ана башы. Кылган кызматы үчүн вице-президентти, кийин Чүй губернаторлугун, Бишкек мэрин, КГБ жетекчисин алган. Аны ээрчип жүргөн Текебаев «Акаевдин мураскору» аталганы менен Жалал-Абаддын губернаторунун орун басарлыгынан башка иш арткан жок.
Экинчиден, Акаевдин көчүгүнө шиш сайып 2005-жылы тандем аркылуу премьер-министрге жетет. Текебаев кур калбай спикер болгон.
Үчүнчүдөн, 2006-жылы күзүндө башаламандык уюштуруп, «Матрешканы» кучактап ызы-чууга бөлөнгөн Текебаев премьер-министр Куловду өзүнө тартып аларда Кулов «нокаутка» уруп, жашынып алган.
Төртүнчүдөн, 2007-жылдын башында парламенттен өтө албай Кулов Суваналиев менен биригип «Бириккен, Фронт» деген согушчул фронт түзгөндө Текебаев жан-дили менен колдогон. Булардын тарптарын ал кездеги премьер Атамбаев чыгарып салган. Кулов менен Суваналиев май талкан кызматтарды алып кетишип, Текебаевге дагы «нокаут» урушкан.
Бешинчиден, 2010-жылы Текебаев ачык, май-талкан кызматы бар Кулов көмүскө бийликке каршы чыгышкан. Натыйжасы, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Текебаев түзгөн Конституция боюнча: Текебаев «Ата-Мекен» партиясын, Кулов «Ар-Намыс» партиясын парламентке өткөзүп алышкан.
Эми уйгурдан токол алып улгайып бараткан Кулов Текебаевге көз каранды. Ал президентке талапкер Садыр Жапаровго кеңеш беримиш болуп, аны чукулап жаткандай.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg