www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, кокодон алган коррупция дегендин өлкөбүздө кирбеген эшиги да, тешиги да калбаса керек.

Айырмачылыктары эле ар бир коррупциялык эшиктин, тешиктин өздөрүнүн багыттарына тиешелүү схемалары, жол-жоболору бар. Мындай схемалардан, жол-жоболордон Саламаттык сактоо министрлиги дагы кур эмес экендиги жумурай журтубузга белгилүү. Бүгүнкү биз сөз кылчу коррупциянын билинбеген очогуна айланган Бишкектеги “Дартты аныктоо борбору” болмокчу.

Редакциябызга келип түшкөн каттардын изи менен жүрүп отуруп, жакында эле кызматынан бошогон, Борборду жыйырма жылдан ашуун жетектеген Учкемпирова Сауле Мавлетовна эжекебиздин кээ бир эрдиктерине күбө болуудабыз. Өзү гана кызматтан кетпестен, “кар жаады, из басты” амалын  колдонуп, башкы эсепчисин, катардагы эсепчисин кошо ала кеткени изимди жашырдым дегени болсо керек апчебиздин.

Убагында ушул эле Сауле эжекебиз “таанышың болсо танкасын...” методун колдонуп, жакшынакай иштеп жаткан, жамаатка сыйы бар жетекчи Кадырбек Илиясов  агайды жарым саатка жеткизбей кызматынан кол жуудурган болчу.

Деги эле С.Учкемпирова эжекебиз башкарып турган учурда “жылымчы оосурактын жыты жаман” дегендей,  бир топ шектүү иштерди жасагандыгы эми анык боло баштагандай. Эжекебизди жыйырма жыл тайраңдатып койгон Саламаттык сактоо министрлигинин чоң курсактарына, “баракелде!” дегенден башка сөз таба албай турабыз. Бул Борбор чарбалык эсепте болгондугуна байланыштуу, эжекебиз баштаган  команда өз билген ботколорун чалып жүрүшүптүр. “Кой деген кожо, ай деген ажо жоктугунан”   пайдаланган  апчебиз  өзү баш болуп, эсепчи-касапчылары төш болуп, С.Учкемпирова айына жана майрамдарда 40-45 миңден, жан жөөкөрлөрү 20миңден премия алып турушкан. Ошол эле учурда карапайым дарыгерлер, эртеден кечке зыяндуу нурлары бар аппараттарда отурушуп, 1.5-2 миңге жетпеген премияга  топук кылып жүрүшкөн. Акыркы жылдары айлык маяналарын деле бөлүп- жарып, кечиктирип берүү көнүмүш адатка айланган. Азырынча такталбаган маалыматка таянсак, жамааттын айлыгы башка жерде айланып отуруп келип калчу экен. Журналисттик иликтөө учурунда колубузга тийген бир, эки маалыматты тактоо иретинде жаңы бекитилген борбордун жетекчиси Жылдыз Аманкулова айым менен дагы баарлашып үлгүрдүк. Баарынан кызыгы, кабарчыбыз  жаңы жетекчинин иш бөлмөсүндө баарлашып отурганда, кашайып анын чөнтөк телефону шыңгырап калбаспы. Отургандардан кечирим сурап, чөнтөк телефонун ала койду эле, кудай анын бетин нары кылсын телефондон эркек кишинин сөгүнүп-сагынып, коркутуп-үркүтүп, кыйратам-сойлотом, сени дагы, иниңди дагы  кызматтан куудурам деген үнүдаана угулуп жатты. Мындай сөздөрдү угуп туруп чыдабай кетип: “ Бул ким?”деп биздин такап сураганыбызга, жетекчи айым оозунун учу менен : “ ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаев экен” деди.  Мына кызык... Сый коштошуп, жетекчинин иш бөлмөсүнөн чыгып, журналисттик адатыбызды карматып Камчыкенин ачууланганынын себебин билүүнү биринчи максат кылып койдук. Ошол эле күнү максатыбыз ишке ашты десек жаңылышпайбыз.

Көрсө, жаңы келген жетекчи өзүнүн жакшы ойлорун, пландарын ишке ашыруу максатында кээ бир узун куйруктуулардын куйругун басып алыптыр. “Орун басардын ою жаман” демекчи, С.Учкемпированын “табакташ” орунбасары (азыр деле орун басарлык кызматта. Ред.) А.Ж. Бейшенов агайыбыз жаңы жетекчиге нааразы сарбаздарын ээрчитип алып, Камчыкеге арыз-армандарын айтып үлгүрүптүр. Камчыкебиз ошончо эле сөгүнгүсү келип турса, Борборду мышык ыйлачу акыбалга жеткизген, жамааттын айлыктарын айланткан,  “Мимино” рестораны жайгашкан имаратты баш кылып,  бир топ бөлмөлөрүн  ит бекер жыйырма, жыйырма беш жылга ижарага берип кеткен С.Учкемпированы артынан болсо дагы сөгүп калса жарашмак.

Журналисттик иликтөөбүздүн жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу, сөзүбүздү кийинкиге калтырууну туура деп таптык. Кызыктын бааары алдыда....Күтө туралы, кадырлуу окурманым...

Абай Аргынов

Булак: “Параграфф”

Последние новости