www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 23-ноябрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

2020-жылдын август айында борбор калаанын тургуну милицияга кайрылып, ал «Ворон» (өзгөртүлдү) лакап аттуу адамдын аракетинен жапа чеккенин айткан. Анын айтымында, шектүү 2019-жылдын декабрь айында аны алдоо жолу менен «Мерседес-Бенц Е55 AMG» үлгүсүндөгү унаасын (баасы 10,5 миң доллар) алып, башкаларга сатып жиберген. Ал киши акчаны жеке муктаждыктарына жумшаган, деп билдирди арыз ээси.

Аталган факты Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган 1983-жылы туулган Д.А. экендиги аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот аны үй камагына чыгарган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости