www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан топтун мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көл облусунда денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан бүгүн, 17-январда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-январь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Балыкчы ШИИБине шаардык ооруканадан билдирүү түшүп, анда 31 жана 32 жаштагы эки тургун денелеринен учтуу нерсе менен оор жаракат алганы маалымдалган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Ден соолукка келтирилген залалдын оордугун аныктоо максатында соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүргүзүлүп, Ысык-Көл ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандардын аты-жөнү аныкталган.

Алар Ысык-Көл облусунун 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И. аттуу тургундары. 16-январь күнү Балыкчы шаарынын кире беришинде милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр бара жаткан унаа токтотулуп, колго түшүрүлгөн. Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин, кылмышка шектүү катары кармалгандар Балыкчы ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости