www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Баткен облустук бириккен ооруканасынын жана үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматка ылайык, 23-январында УКМК КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте Баткен облустук бириккен ооруканасынын имаратында үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Шаменовдун, саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору А. К. Борубековдун жана башка кызмат адамдарынын катышуусунда кеңешме өткөрдү. 

 Облус башчысы А.Шаменов Баткен шаарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн пландары тууралуу маалымат берип, саламаттык сактоо системасына өзгөчө көңүл бурду. Жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагындагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, андан соң А.Шаменов облустук оорукананын аймагын көрүп чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Кеңешменин алкагында иш-чаранын катышуучуларына өлкө жетекчилиги тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу милдети коюлгандыгы тууралуу кошумча маалыматтар айтылды. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде медициналык мекемелердин жетекчилерине жана кызматкерлерине мыйзамдарды бузууга жол бербөө жөнүндө катуу эскертүү берилди.

 Жолугушуунун соңунда А.А.Шаменов медицина кызматкерлерин функционалдык милдеттерин ак ниет аткарууга жана калкка тийиштүү деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүгө чакырды, ал эми жетекчилерге туруктуу негизде коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну камсыздоо тапшырылды.

Последние новости