www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, УКМКга Э.Б.М. аттуу жаран Ж.А.Б. аттуу жактоочуга карата чара көрүү талабы менен кайрылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, жактоочу кылмыш иши боюнча айыпталуучуну коргоп жатып, соттук процессте оң чечим чыгарууга көмөктөшүү шылтоосу менен анын жубайынан 6 миң доллар талап кылган. Ошол эле учурда ал сот органдарында байланыштары бар экенин айткан.

УКМК билдиргендей, 17-июлда жүргүзүлгөн атайын тергөөнүн жүрүшүндө жактоочу талап кылынган сумманын бир бөлүгүн — 4 миң долларды алып жаткан жеринен кармалды.

Манас шаардык соту ага карата тергөө мезгилине чейин камакка алуу чарасын тандады.

Последние новости