www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК бейбаштыктан улам террордук актыларды жасоо коркунучу бар видеолорду жайгаштырган Бишкек шаарындагы мектептердин биринин 6-класстагы окуучусун аныктады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы интернеттеги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеону жайгаштырган "Тик-Ток" интернет тиркемесинин колдонуучусун тапты. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы видеолордун автору аныкталып, ал орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, 12 жаштагы Т.А.Ч. болуп чыкты. Бейбаштык максатта террордук актыларды жасоо коркунучу бар видеолорду жайгаштырган", — деп айтылган маалыматта.

Бул факт Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү ("Террорчулук актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Учурда УКМК Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп билдирди аталган комитеттин маалымат кызматы.

УКМК жогорудагыдай жасалган кадам жалган болгону менен коомдук коркунучту жаратып, калкты дүрбөлөңгө салып, жарандарга жана келген конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратып, тиешелүү органдардын олуттуу күч-аракетин алып, акча жана убакытты коротуп жатканын белгилеген.

Бул сыяктуу маалымат мекемелердин, транспорттун иш тартибин буза турганын кошумчалаган.

"Мындай билдирүүлөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын көңүлүн террорчулук актыларын жасоонун реалдуу кооптуулугу болгон учурлардан алагды кылуу коркунучу бар. Жазык кодекси мындай "тамашаларды" кылмыш катары квалификациялайт", — деп кайрылган коопсуздук комитетинен.

УКМК террордук акт жасоо коркунучу кылмыш болуп саналарын да эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости