www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 27 түзөтүү колониясында 6 жыл жазасын өтөп жаткан 1984-жылы туулган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакыруу» жана 330 «Расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты (аразчылыкты) козутуу» туралуу жасаган аракетинин мыйзамсыздыгын түшүнбөстөн, кайра эле ушул сыяктуу оор кылмыштарды жасоо жолуна түшүп, мурдагы соттуулугун билип туруп кайрадан кайталап кылмыш жасаган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган жаран Фейсбук социалдык тармагына «Алып Качар Салып Качар» аталыштагы «фейк аккаунт» ачып алып, болжол менен 2025-жылдын январь айынан баштап, массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга чакырык менен коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган провокациялык басылмаларды системалуу түрдө жайгаштыра баштаган.
Топтолгон материалдардын негизинде УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 2-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 278-берененин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакыруу» жана 327-берененин 2-бөлүгү «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу» боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган.
«Такталгандай, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ЖК-27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатып, блогер Болот Темиров менен тыгыз байланышта болуп, «Temirov Live» долбоорунун жетекчисине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ичиндеги абалы тууралуу маалыматтарды берип, андан тиешелүү тапшырмаларды алып турган.
Эксперттин корутундусуна ылайык, “Алып Качар Салып Качар” аккаунтунун колдонуучусунун басылмаларында, Фейсбук социалдык тармагында мамлекеттик кызматкерлердин жана уюмдардын массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, аларга катышууга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук кѳрсѳтүү камтылган. Мындан сырткары, аталган басылмаларда бийликти күч менен басып алууга жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө коомдук чакырыктардын белгилери да камтылган. Учурда сотко өткөрүп берүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.