www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда коррупция фактысы боюнча Аманбаев айылдык кеңешинин спикери жана атайын администратору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө атайын администратор Э.А.М. тарабынан «Күркүрөө» дыйкан чарбасынын банкроттоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу шылтоосу менен 46 жер тилкесине укук белгилөөчү документтер, анын ичинде Аманбаев айылдык кеңешинин спикери Н.У.М.га жана анын жакын адамдарына 12 жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Көрсөтүлгөн жер тилкелери иш жүзүндө «Күркүрөө» дыйкан чарбасынын балансында болгон эмес, ал эми айрымдары токой тилкелери болгон, аларды тескөөнүн өзгөчө тартиби белгиленген.

Бул факт боюнча 26-февралда аталган адамдар кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган мындан аркы тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Последние новости