www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну УКМК кызматкерлерине ири өлчөмдө пара берип жатканда кармалды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы 27-февралда билдирди.
Комитеттин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь айында расмий киреше булагы жок туруп кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган К.К. аттуу жаранга карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Бул маселени өзүнүн пайдасына чечүү үчүн К.К. УКМКнын кызматкерлерине чоң суммадагы акча каражатын сунуштаган.
Шектүү 25-февралда комитеттин кызматкерлерине 29 000 доллар пара берип жатканда кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.