www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда 3 милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр жергиликтүү тургунду коркутуп, андан 30 миң сом алышкан.
Арыз ээсинин айтымында, Жаңы-Жол айылындагы милиция пунктунун башчысы, милициянын капитаны Ы.Р.Б., улук инспектор Т.А. жана улук инспектор А.Б.Ы. анын үйүнө мыйзамсыз кирип, каттоодо турбаган мылтыгын тартып алышкан. Куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, акча талап кылышкан.
Акча талап кылуу улангандыктан УКМКга кайрылган. Натыйжада милиция кызматкерлери кезектеги 20 миң сомду алып жатканда кармалды.
Шектүүлөр убактылуу камакка алынып тергөө жүрүп жатат.