www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылганын маалымдайт.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Таш-Мойнок айылынын Прохладное айылына жакын тоолуу аймакта жашыруун жай аныкталган. Андан төмөнкү курал-жарактар табылып алынды:
1 даана АКС-74 автомат;
1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;
5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.
Алынган маалыматтарга караганда, белгиленген курал-жарактар мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонулган.