www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны С.У.Э.нин алдамчылык аракеттери аныкталды. Тактап айтканда ал КР Президенти жана УКМК төрагасы менен жеке үй-бүлөлүк мамилесине жамынып, базар баасы 65 000 АКШ долларын түзгөн 2022-жылкы    
«Тойота Тундра» жана базар баасы 15 000 АКШ долларын түзгөн 2011-жылкы «Мерседес-Бенц «А-класс» унааларын ээлеп алган.

Мыйзамдуу ээсинин (жабырлануучунун) аталган унааларды кайтарып берүү талабына жооп катары, С.У. физикалык коркутуу жана республиканын жетекчилиги менен байланыштарын шылтоо кылып,  жогоруда айтылган унааларды кайтарып берүүдөн баш тарткан. Андан тышкары, жолугушууларда ал ар кандай маселелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып, бул сөздөрүн өлкө жетекчилигинин үй-бүлөлүк сүрөттөрүн көрсөтүү аркылуу далилдөөгө аракет кылган.

Аталган факты боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 27-декабрында С.У. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жана оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости