www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга шектелип райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-сентябрында кылмышка шектүү делип КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.

Кармалган кызматкер адам КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда КР УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости