www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иркештам" көзөмөл-өткөрмө бекетинде "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабаган 25 "ортомчу" кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан 2024-жылдын 9-сентябрынан 10-сентябрына караган түнү “Иркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган 25 адам кармалды. Алар таасир үчүн күрөштө "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабап салышкан.

Бажы чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Алай районунун аймагында бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган жергиликтүү тургундардан турган адамдардын тобу иштеп жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, экономика тармактарындагы эффективдүүлүктү жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, жогоруда аталган жактар "Иркештам" алдын ала бажы процедурасы жерине (АБПЖ) карата бажы ишин монополиялаштырышкан жана Кытайдан Кыргызстанга импорттолуучу бардык товарларды көзөмөлгө алышып, аларды Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Каратай” Бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.

"Иркештам" көзөмөл-өткөрүү пунктунун режимдик объектисинин шартында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине (ортомчулар) тарабынан кол салуу фактысы боюнча, 10-сентябрда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бажы кызматын көрсөткөн 25 адам кармалды.

"Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кол салуунун уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.

Маалымат үчүн: бажы кызматынын кызыкчылыктарына анын ишинин натыйжалуулугун жана бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу, чарбакер субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №237 токтому менен Мамлекеттик бажы кызматынын алдында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.

Аталган МИ ишке киргизилгенден кийин мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана "ортомчулардын" ортосундагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, ошондой эле бажы жагындагы жол-жоболорго кошумча мамлекеттик контролду киргизүү аркылуу МИ өз алдынча бажы кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу функцияларын жөнгө сала баштады.

Деген менен мындай демилге "ортомчулардын" ачык нааразычылыгын жаратты. Буга байланыштуу чагымчыл жаңжалдар уюштурулуп, бул "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабоого алып келди.

Последние новости