www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда криминалдык авторитет Камчы Асанбек (Камчыбек Көлбаев) өлтүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иштерди жургузуп, республиканын турмушунун ар турдуу чөйрөлөрүнө кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышканын маалымдады.

“Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө.

Ошондой эле К.Асанбекке каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

2023-жылдын 4-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин турган жери Ибраимова көчөсүндөгү “Блондер паб” ресторанында аныкталып, ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн.

УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын спецназынын кызматкерлери жооп кайтарышкан.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду. (уюшкан кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, дарыгерлер К.Асанбектин октон алган жараатынан жеринде каза болгонун тастыкташты, жабыркагандар жана жабыркагандар жок”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости