www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында синтетикалык баңгизаттарды интернет аркылуу таратып келген туруктуу каналга бөгөт коюлуп, баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгү токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында «Telegram» тиркемесиндеги «SUM shop.kg» аттуу интернет-дүкөн аркылуу сатылган «Alpha PVP» баңгизаты боюнча көзөмөлдүк сатып алуу жүргүзүлгөн.

Андан кийинки иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкектеги мейманканалардын биринен ири көлөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды алып жүргөн деген шек менен Кыргызстандын үч жараны кармалган. Алардын жанынан жана жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн жыйынтыгында «Alpha PVP» жана «Мефедрон» аттуу синтетикалык баңгизаттар табылып алынган.

Ошондой эле кармалгандардын биринин жашаган жеринен жашыруун жайларга катылган өзгөчө ири өлчөмдөгү «Alpha PVP» баңгизаты алынганы кабарланды.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалгандар тергөө иш-чараларынын мезгилинде атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

Мекеме ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна жана интернеттеги активдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырып, баңгизаттарды таратуу боюнча кылмыштар үчүн 14 жаштан тартып кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертти.

Мындай кылмыштар үчүн 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлктү конфискациялоо жазасы каралган.

Последние новости