www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, Сазыкулов Бишкек шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган кезде мыйзам бузган.

"Ал мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган. Тактап айтканда, Сазыкулов өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектиге бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң долларды түзөт", — деп айтылат маалыматта.

 

УКМК 300 чарчы метрлик объект мыйзамсыз курулганын белгиледи.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон коммерциялык объектини уруксат берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте буздурулууга тийиш болгон. Бирок Сазыкулов өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес", — деди УКМК.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин жанындагы сейил бак жашылдандырылган.

"Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да Сазыкулов тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факт аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган. Факт боюнча текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалды", — деди атайын кызмат.

УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов менен Т.Б.М. аттуу ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости