www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды.

Ушул жылдын 14-январында Кылмыш-жаза кодексинин “Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен районунда КР жарандары 1982-жылы туулган А.Т.Р., 1982-жылы туулган Т.И.Б. жана 1988-жылы туулган А.А.А. кармалып, тергөө абагына тергөө убагы бүткөнчө камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости