www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

WhatsApp мессенжерлери аркылуу алдап шылуундарга жардам берүү каналдаргы бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2003-жылы туулган А.У.А., 2004-жылы туулган К.А.У. жана 2006-жылы туулган Э.Э.нин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

«Алар КР уюлдук операторлорунун сим-карталарын колдонуу менен мобилдик мессенжерлердин аккаунттарын массалык түрдө активдештиришкен. Андан кийин бул аккаунттар эл аралык «скамер» шылуундарына сатылып, КР жарандарынын акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алуу максатында «фишинг» манипуляциясын ишке ашырышкан. Натыйжада миңге жакын мобилдик мессенжер аккаунту активдештирилип, эл аралык алдамчыларга өтүп кеткен.

Өз кезегинде, эл аралык алдамчылар КР чегинен тышкары, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүргөндө алган аккаунттарын пайдаланып, жарандар менен мобилдик мессенжер аркылуу байланышкан. Жарандарга психологиялык таасир көрсөтүү максатында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Улуттук банктын, министрликтердин, мекемелердин жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катары көрсөтүшкөн. Алар ар кандай шылтоолор менен жарандарга, алардын эмгек ишмердүүлүгү, мүлкү жана электрондук капчыктары боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтышкан. Натыйжада жарандар алданып өздөрүнүн акча каражаттарын, анын ичинде мүлктөрүн алдамчылардын пайдасына өткөрүп беришип, мындай көрүнүш коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Жогоруда аталган кылмыш тобунун мүчөлөрү А.У.А., К.А.У. жана Э.Э. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК мобилдик мессенжерлердин аккаунттарын, анын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет платформалар аркылуу бөтөн адамдарга өткөрүп берүүгө же сатууга жол берилбестигин эскертет. Айрым учурларда бул аракеттер алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошо катышуу катары квалификацияланышы мүмкүн, бул үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралган.

УКМК жабыркагандарды тез арада 0312 66 04 75, 0312 62 65 04 номурларына чалып коюуну өтүнөт.

Последние новости