www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй электр тармактары ишканасында электр энергиясын эсепке алуу приборлорун айланып өтүп, улуттук электр тармактарына мыйзамсыз кошуу үчүн жарандардан акча талап кылуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 6-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен «КУЭТ» ААКнын Чүй электр тармактары ишканасынын Панфилов райондук электр тармактарынын башчысы кармалган.
Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланып, окуянын бардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.