www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы "Бандит" аталышында атайын операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКда билдиришти.
Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө каршы күрөшүүгө жана уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, 8-августта Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте облустун аймагында коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыздоого багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча "Бандит" аталыштагы пландуу иш-чаралар өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, жогорудагы иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы тарабынан өткөн жыйында жарыяланган тапшырмалардын алкагында ишке ашырылды.
Атайын операциянын жыйынтыгы менен ИИМдин адистештирилген реестринде уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар 255 адам турганы аныкталган.
Мындан тышкары, 28 адамга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, алардан биометрикалык маалыматтар алынган.
Ошондой эле учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 24 адам Кыргызстанда жазасын өтөп жатканы, 18 адам коңшу өлкөлөрдө жүргөнү, катталган жери боюнча жашабаган жана мурда белгилүү болгон даректерде турбаган 179 адамга издөө-профилактикалык иш-чаралары жүрүп жатканы аныкталды.