www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында криминалдык чөйрөдө «Потап» лакап аты менен белгилүү жаран кармалды.

Аталган жаран «Мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбек менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында Асанбектин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган.

Мындан тышкары, ал криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган.

Последние новости