www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Орусиядан келген ишкерлер аэропорттордо накталай акчаларын суммасына карабастан кармап, чек арадан өткөрүүгө уруксат берилбей жатканына дайыма туш болушаарын айткан.
УКМК бул боюнча төмөнкү билдирүүнү жарыялады:
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаевдин Кыргыз Республикасына акча каражаттарын алып кирүүдө жаралып жаткан көйгөйлөр тууралуу айткан билдирүүсүнө байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Акча каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө көзөмөл Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелеринин чегинде гана жүзөгө ашырылат. Бул чаралар финансылык коопсуздукту камсыздоого жана мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы күрөшүүгө багытталган", - деп айтылат билдирүүдө.