www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жылдын 16-январда таң эрте "Манас" эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна "Boeing-747-412F" үлгүсүндөгү бортунда 85 тоннадан ашык жүгү бар учак кулаган.
Түркиялык "АСТ Airlines" компаниясына таандык "Boeing" аэропорттун учуу тилкесине коно албай экинчи айлампага көтөрүлүп бараткан учурда калктуу конуштун үстүнө кулаган. Каргашада тынч уйкуда жаткан 35 тургун жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары эле.
"АСТ Airlines" компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан. Расмий маалыматка таянсак, учак Бишкектеги "Манас" аэропортуна экипажды алмаштырып, күйүүчү май куйганы конмок.
Бул боюнча өкмөттүк жана депутаттык комиссия иштеп, бирок иликтөөнүн жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.
Каргашалуу учактагы жүк саясий өңүт алып, талаш-тартышка жем таштаган. Оппозиция жана коомчулуктун айрым өкүлдөрү жүктү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштырып келет.
Учак кырсыгына 4 жыл толсо да азыркыга чейин коомчулукта жаралган каргашалуу жүктүн ээси ким, учак кулаардын алдында учкучтар ортосунда эмне болгон деген сыңары кептер азыркыга чейин жоопсуз калууда
Булак: NazarNews.kg