www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш министрлигиндеги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгында (мындан ары - Бишкек шаары боюнча МАККБ) жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Өрт көзөмөлү кызматынын башкармалыгында (Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ӨККБ) пайдаланууга берүү актыларын даярдоо үчүн каражаттарды мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.
Бишкек шаары боюнча МАККБ инспектору «А.Т.Д.» жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ӨККБ улук инспектору «С.М.А.» өз ара сүйлөшүп алып, Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехинин пайдаланууга берүү актысын макулдашуу жана кол коюу мөөнөтүн атайылап создуктурушуп, натыйжада «А.Т.Д.» тиешелүү актыга кол койгондугу үчүн КР жаранынан 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.
Өз кезегинде «С.М.А.» кол койгондугу үчүн «МБанк» мобилдик тиркемеси аркылуу 27 миң сом акча каражатын которууну талап кылган.
Топтолгон материалдардын негизинде, КР КЖК 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 5-ноябрында тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө акча алып жаткан жеринен «А.Т.Д.» жана «С.М.А.» кармалышты.
Кармалгандар КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда, ошондой эле аныкталган коррупциялык схемага башка адамдардын катыштыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.