www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармады. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасынын инспектору акча талап кылып жатканы боюнча маалымат алынган.

«А.И.К. өлкөнүн айрым чет элдик мекемелеринин ишмердүүлүгүнө аудитордук текшерүү жүргүзүү боюнча кызматтык иш сапарда жүрүп, финансылык мыйзам бузуулар аныкталды деген шылтоо менен КРнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынан акча талап кылгандыгы аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 15-июлда А.И.К. КРга келгенде «Манас» эл аралык аэропортунун чек ара көзөмөлү зонасында кармалып, жеке кароо учурунда мурда пара катары алынган акча табылып алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө ишчаралары уланууда.

Последние новости