www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында "Хизбут-Тахрир" ДЭУга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш – чаралардын жүрүшүндө экстремисттик идеологияны жайылткан жана жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген аталган уюмдун ячейкаларынын биринин лидери болгон 1986-жылы туулган КРнын жараны М.К.Н. кармалды.
Аталган М.К.Н. экстремисттик ишмердиги үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.
Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.
Кармалган М.К.Н. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ячейканын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.