www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Иисус" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана анын тарапкерлери кармалды, деп билдирди УКМК.
Уурулук, каракчылык, опузалоо жана башка оор кылмыштар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Иисус" деген каймана ат менен белгилүү, бир нече жолу соттолгон, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган М.Б.М., ошондо эле К.У., М.С.М. аттуу жарандар кармалды.
«Аталган жарандар материалдык пайда табуу максатында узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди куугунтуктап, физикалык зомбулук менен коркутуп, опузалоо менен алектенишкен. Жалпысынан аффилирленген жактарга наркы 170 миң доллар болгон мүлк таризделген.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди», - деп айтылат расмий маалыматта.